«Кыргызалтындын» башкармалыгынын курамында өзгөрүүлөр болду

3 августа 2022, 16:10

“Кыргызалтын” ААКнын директорлор кеңеши башкармалыктын төрагасынын өндүрүш жана чалгындоо иштери боюнча жаңы орун басарын шайлоо чечимин кабыл алды. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасы билдирди.

Тактап айтканда, бул кызматка Амантур Турсуниязов бекитилди.

Буга чейин бул кызматты Кубанычбек Турдукожоев ээлеп келген, ал 2022-жылдын 15-июнунда ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу “Кыргызалтын” ААК башкармалыгынын төрагасынын орун басары кызматынан бошотулган.