Amazon интернет - дүкөнү Google менен Apple компаниясынан ашып, кайрадан бренд аталды!
Британиялык Brand Finance консалтинг компаниясы Amazon ири интернет дүкөнүн баалуу бренд катары атады. Анын баасы 220,7 млрд $ түзөт.
2019-жылы компания рейтингден биринчи орунду алган. Амазондун «акылдуу» Echo колонкасы 2018-жылга салыштырмалуу 17,5% кымбаттаган.
«Жефф Безос жасаган электрондук жана логистика, «булутта эсептөө» кызматтары аркылуу Amazon бренд атын сактап калды» - , деп жазат Вести.ru басылмасы. Ал эми Google Global 500 тизмегинде экинчи баскычка жогорулаган (159,7 млрд $, + 11,9%), Apple (140,5 млрд $, - 8,5%) - үчүнчү баскычка төмөндөгөн.
Рейтингдин 4 - 5- баскычтарыны IT-компанилар чыккан: Microsoft (117 млрд $ , -2,1%) жана Samsung (94,4 млрд $, +3,5%). Facebook 7-орунду (79,8 млрд $), Huawei 10 - орунду (65 млрд $) камсыз кылды. Ал эми эң 500 кымбат IT-бренддердин тизмегине кирген 46 компаниялардын баасын, аналитиктер 986,5 млрд долларга баалашты.
Ал эми WhatsApp менен америкалык AT&T мобилдик операторлордун баалары 32% төмөндөп кеткен.
Орусиялык эң кымбат бренддердин катарына «Сбербанк» кирди. Ал 141 - орундан, 139 - тизмекке көтөрүлгөн. «Газпром» 261, «Лукойл» 351 - орунга чыккан. Эң тез өнүккөн бренд катары кытайлык iQiyi видеосервиси 326% ээлеп, алдыңкы орунга чыккан.