«Amazon» 3,2 миң спутник учурууну көздөөдө

21 апреля 2021, 16:45

"Amazon" компаниясы өзүнүн глобалдык интернет тармагын ишке киргизүүнү көздөп жатат деп жазды psm7.

Ишкана планета орбитасына 3,2 миң спутник чыгара турган тогуз Atlas V ракетасын учурат. "Амазондун" спутниктеринин жарымын жайгаштыруу үчүн дагы төрт жыл талап кылынат. Долбоордун толугу менен ишке кириши 2029-жылга чейин күтүлүүдө.

"Мындай масштабдагы топ жылдызды учуруу оңой эмес, спутниктик тармакты жайылтуу боюнча белгиленген графикти аткаруу үчүн бизге бир нече ракета ташуучу унаа, ошондой эле башка компаниялардын жардамы керек болот", - деди компаниядагылар.