Серепчилер Кыргызстанда инфляциянын өсүшүн болжолдошууда

4 ноября 2022, 11:30

Быйыл жыл аягында Кыргызстанда инфляция 0,8%га өсөрү болжолдонууда.  Бул тууралуу “Trading Economics” компаниясынын серепчилери билдирди.  

Мындан тышкары, алар 2023-жылы өнүмдөрдүн жана кызмат көрсөтүүлөрдүн баасынын 0,7% га өсүшүн болжолдоодо.

Белгилей кетсек, Улуттук банктын акыркы маалыматы боюнча Кыргызстанда жылдык инфляция 15,5%дан 14,9%га төмөндөгөн.