Андижанда кыргыз-өзбек экономикалык бизнес-форуму өтөт

6 апреля 2022, 11:55

Быйылкы жылдын май айында Андижанда кыргыз-өзбек экономикалык бизнес-форуму өтөт. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасынан билдиришти.

Анын алкагында, кыргызстандык ишкерлер үчүн Самарканд жана Бухара шаарларына саякат уюштуруу пландалууда.

Белгилеп кетсек, 2021-жылдын аягында кыргыз-өзбек өнүктүрүү фонду түзүлгөн. Анын штаб-квартирасы Бишкекте жайгашат. Уставдык капиталын болсо 200 миллион долларга чейин көбөйтүү пландалууда.