«Копилка-Каракол» кредиттик союзунун лицензиясы жокко чыгарылды

27 декабря 2022, 10:05

“Копилка-Каракол” кредиттик союзунун лицензиясы катышуучулар тарабынан өз ыктыяры менен баш тартуу чечимине байланыштуу жокко чыгарылды. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.

Мекеме өз катышуучуларынан сактык үлүшүн алуу, кредиттик союздун катышуучуларына мөөнөттүүлүк, кайтаруу жана төлөө шарттарында кредиттерди берүү жолу менен каражаттарды тартуу укугуна уруксат кредиттик союзга 1998-жылдын 6-майында берилгендигин белгилейт.

Ишкананын юридикалык дареги: Ысык-Көл облусу, Каракол шаары, Кутманалиев көчөсү, 149/31.