Коррупцияга каршы кеңеш бюджеттен каржылангысы келет

31 мая 2022, 12:27

Президенттик аппарат Коррупцияга каршы ишкер кеңешин бюджеттен каржылоо маселесин карайт. Бул пункт Коррупцияга каршы кеңештин бүгүн, 31-майда өткөн жыйынында бир добуштан кабыл алынган токтомуна киргизилди.

“Өнөктөш уюмдар менен баары абдан жакшы башталды, бирок биз бюджеттен каржылоого кайтып келдик. Эгер Жогорку Кеңеш бекитип берсе, биз каржылоого даярбыз”, - деди министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров.

Ошондой эле кеңешке коррупцияга каршы күрөшүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган статусун берүү чечими кабыл алынды.

Жыйындын алкагында 2024-жылга чейин коррупцияга каршы мамлекеттик стратегия кабыл алынды.