Кыргызстандагы антикризистик план 126 млрд сомду түздү

16 февраля 2023, 10:27

Жылдын жыйынтыгында инфляция 14,7% түздү. Эгерде кризиске каршы чаралар көрүлбөгөндө инфляциянын деңгээли 18% же андан да жогору болушу мүмкүн эле. Бул тууралуу Экономика министрлигинин коллегиясында ведомствонун башчысы Данияр Амангелдиев билдирди.

"Дүйнөдөгү акыркы окуялар жана эл аралык рыноктордогу туруксуздук министрлер кабинетин тышкы таасирлерди жумшартуу жана жеңүү үчүн антикризистик планды иштеп чыгууга мажбур кылды", - деди ал.

Экономика министрлигинин башчысы ошондой эле кризиске каршы планга 51 иш-чара киргизилгенин, планды ишке ашырууга бюджеттен 126 миллиард сом бөлүнгөнүн билдирди.

"Белгилей кетчү нерсе, антикризистик план ички ресурстардын негизинде иштелип чыккан жана тышкы донордук жардамга көз каранды эмес", - деп баса белгиледи чиновник.