Антимонополия «Яндекс Go» менен кызматташат

26 декабря 2023, 10:07

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы менен “Яндекс Go” маалымат кызматы жүргүнчүлөрдү ташуу рыногунун катышуучуларынын кызыкчылыктарынын балансын сактоого багытталган келишимге кол коюшту.

Маалыматка ылайык, келишимдин алкагында Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы “Яндекс Go” менен биргеликте керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана рынокто атаандаштыкты колдоо боюнча мыйзамдарды сактоо максатында кайрылууларды жана даттанууларды кароо боюнча жумушчу топ түзүүдө.

Ошондой эле, Монополияга каршы кызмат монополияга каршы мыйзамдардын талаптарын сактоо жана компаниянын ишин талдоо максатында ушул макулдашуунун аткарылышына мониторинг жүргүзөт.

Макулдашуу Кыргызстандын керектөө рыногун тең салмактуу жана туруктуу өнүктүрүүгө өбөлгө болору белгиленген.