Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги мамлекеттин пайдасына 168,4 млн сом өндүргөн

28 декабря 2021, 09:32

Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги функцияларын жана ыйгарым укуктарын аткаруунун алкагында мамлекеттик бюджетке айып пулдардын түшүүсүн камсыздаган.

Ушул жылдын алдын ала жыйынтыгы боюнча, мамлекеттик бюджеттин пайдасына 168,4 млн сом түшкөн.

Белгилей кетсек, 2020-жылга салыштырмалуу казына 151,2 млн сомго толтурулган, бул сумма 17,1 млн сомго көп.