Өлкөдө антисептик каражаттарын өндүргөн ишканалардын саны 14гө чейин жетти

29 декабря 2020, 13:30

Быйыл өлкө аймагында кайра иштетүүчү 60тан ашык жаңы ишкана ачылды. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйында айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Бермет Турсалиева билдирди.

 

 

Анын айтымында, алардын ичинен Баткенде 4, Жалал-Абад облусунда 15, Ош облусунда 7, Ысык-Көл облусунда 8, Нарын облусунда 6, Чүй облусунда 12, Ош шаарында 12 ишкана ачылган.

Турсалиева пандемияга байланыштуу антисептик каражаттарын өндүргөн ишканалардын саны 5тен 14гө чейин жеткенин айтат.

 

«Ал эми Нарын, Талас, Ошто эт-сүт азыктарын өндүрүүдө өсүш байкалган», - дейт ал.