Apple ишканасы кардарларына 500 млн долларга чейин компенсация төлөйт

3 марта 2020, 16:00

Apple  ишканасы  iPhone үлгүсүндөгү телефондун ээлерине 310 млн доллардан 500 млн долларга чейин компенсация төлөп берүүгө даяр. Мунун себеби, эски моделдеги iPhone телефондорунун жай иштөөсү себеп болгон. Бул тууралуу Reuters басылмасы билдирди.

Маалыматка караганда, макулдашуунун шарттарына ылайык ишкана эски моделдеги смартфондорунун ээлерине 25 доллардан төлөп берүүгө милдетүү. Аталган чечим сот аркылуу тастыкталышы керек деп айтылууда.

Apple ишканасына карата доо арыз менен iPhone 6, 6 Plus, 6s, 6s Plus, 7, 7 Plus жана SE смартфондорунун ээлери кайрылып, алар жаңылануудан кийинки программалык камсыздоонун ишине даттанган. Ишкананын маалыматына караганда, өндүрүмдүүлүктүн начарлашы колдонуунун көптүгү жана гаджеттин температурасынын өзгөрүшүнөн улам келип чыккан.