«Apple» компаниясынын «iPhone 15» үлгүдөгү телефону колдонууга күздө чыгарылат

31 мая 2023, 12:06

“Apple” компаниясынын камсыздоочусу “Foxconn” жаңы моделин ишке киргизүү алдында дүйнөдөгү эң ири iPhone фабрикасында жумушчуларды жалдоо аракеттерин күчөтүүдө. Бул ушул жылдын сентябрь айында «iPhone 15» үлгүсүн колдонууга чыгарары менен байланыштуу. Бул тууралуу “BBC Business” жазды.

Маалыматка ылайык, Кытайдын Чжэнчжоу шаарындагы заводдун жаңы жумушчулары эң аз 90 күн иштешсе 3000 юаньга чейин (424 доллар) бонус алышат. Бул кадам “Foxconn” компаниясынын демилгеси болууда.

Бул “iPhone City” деп аталган ири завод, тайвандык өндүрүүчү компаниянын жумушчулары үчүн жеңилдиктерди жакшыртуу боюнча акыркы кадамы.

Өткөн жылы жүздөгөн жумушчулар Чжэнчжоу заводунда коронавирстун чектөөлөрүнө жана маяналарын кечиктирүүгө каршы нааразылык акциясына чыгышкан.