Apple өндүрүштүн бир бөлүгүн Вьетнамга которот

27 ноября 2020, 10:30

 

iPad жана MacBook биринчи жолу Кытайдан тышкары өндүрүлө баштайт. Apple өндүрүштүн бир бөлүгүн Вьетнамга которот, деп жазды "Reuters"  агенттиги.

[жаңылыктар 29907]

Басылма белгилегендей, мындай чечимге Кытай менен АКШнын ортосундагы чыңалган мамилелер себеп болгон. Вьетнамдан тышкары, компания Мексикада жана Индияда ишканаларды уюштурууда.

Компания Индияда акыркы iPhone өндүрүшүн өнүктүрүүгө 1 миллиард доллар сарптай турганы маалым болду.