Апрелде кыргыз-казак бизнес форуму өтөт

29 марта 2024, 10:52

17-апрелде президент Садыр Жапаров Казакстанга расмий сапар менен барат. Анын алкагында кыргыз-казак бизнес-форуму өтөт. Бул тууралуу Улуттук инвестиция агенттиги билдирди. 

Ошондой эле, ата мекендик продукцияны өндүрүүчүлөрдүн көргөзмөсү өтөт.  

Белгиленгендей, бизнес-форум Кыргызстан менен Казакстандын бизнес өкүлдөрүнүн ортосунда эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү жана ишкердик мамилелерди орнотуу үчүн маанилүү. Иш-чара кыргыз-казак бизнес коомчулугунун ортосунда түз байланыштарды түзүүгө жана соода жана инвестициялык мамилелерди өркүндөтүүгө мүмкүнчүлүк берет. 

“Ата мекендик компаниялар, ассоциациялар жана уюмдар бизнес-форумга жана көргөзмөгө катыша алат. Катталуу 4-апрелге чейин болот. Катталуу үчүн катышуучу тууралуу маалыматты 0555 92 88 89 (Whatsapp) номуруна жөнөтүү керек: фирманын аты-жөнү, катышуучулардын толук аты-жөнү, иш чөйрөсү, байланыш телефону”, - деп айтылат маалыматта.