Кыргыз өкмөтү менен «ADQ» араб компаниясы кызматташышы мүмкүн

13 декабря 2022, 14:29

БАЭге болгон жумушчу сапарынын алкагында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров “Абу-Даби өнүктүрүү холдинг” компаниясынын (Abu Dhabi Developmental Holding) башкы директору Мохаммед Хассан Аль-Сувейди менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда тараптар эки өлкөнүн экономикасынын негизги тармактарына тиешелүү маселелерди талкуулашты. Атап айтканда, тамак-аш жана айыл чарба, авиация, каржы кызматтары, саламаттыкты сактоо, өнөр жай, логистика, кыймылсыз мүлк, туризм жана меймандостук, транспорт жана энергетика тармактары талкууланды. 

Мохаммед Хассан Аль- Сувайди ADQ компаниясы өзүнүн глобалдык катышуусун кеңейтүүгө умтуларын жана өз ара кызыкчылык туудурган бардык чөйрөлөрдө кызматташууну арттырууга даяр экенин билдирди.

Белгилей кетсек, ADQ Жакынкы Чыгыш аймагындагы эң ири холдингдик компаниялардын бири. Компаниянын акционери Абу-Даби эмиратынын өкмөтү болуп саналат. Компаниянын портфели 90дон ашык ири ишканаларга түз жана кыйыр инвестицияларды камтыйт. Фонд 110 миллиард долларга жакын активдерди башкарат.