Өкмөт Кыргызстанда өндүрүлгөн арак ичимдиктерине минималдуу баа койду

15 января 2020, 11:35

2013-жылдын 23 - январындагы № 26 өкмөттүн «Арак ичимдиктерине болгон бааны мамлекеттик жөнгө салуу» токтомуна 2019-жылдын 26-декабрында өзгөртүү киргизилген. 

Ага ылайык: 

Токтом күчүнө киргизилген күндөн тарта (2019-жылдын 31-декабры), КР аймагында чыгарылган арак ичимдектерин минималдык баа менен сатуу:
 

Убакыт

Токтом 2019-жылдын 31-декабрынан тарта күчүнө кирген убакта (сом менен)

2020-жылдын 1-январынан тарта 31-декабрына чейин (сом менен)

2021-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин

2022-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин

2023-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин

0,5 литр өлчөмүндөгү даяр продукциянын дүң баасы

92

103

114

125

136

0,5 литр өлчөмүндөгү даяр продукциянын чекене баасы

101

112

123

134

145

 

 

Токтом официалдуу жарыяланган убакыттан тарта, 15 күндөн кийин күчүнө кирет. Токтом 2020-жылдын 7 - январында  жарыяланган.