Араван – Ак-Буура каналын оңдоого 17 млн 870 миң евро бөлүнөт

16 января 2023, 13:37

Парламенттин бүгүнкү жыйынында Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы Кыргызстанга 17 870 000 евро берери айтылды. Бул тууралуу тиешелүү мекемеден билдиришти.

Бул каражат Ош облусундагы Араван – Ак-Буура каналын модернизациялоого жумшалмакчы.

“Долбоордун негизинде 21 миң гектарга жакын аянтты суу менен камсыздоо жакшырат. Бул максатта Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы жалпы суммасы 17 870 000 евро бөлүп берет. Келишимге ылайык, насыялык түрдө 14 130 000 евро, гранттык макулдашууга ылайык 3 740 000 евро берилет”, - деп айтылат маалыматта.

Айыл чарба министринин орун басары Мурат Раматов насыя 15 жылга, төрт жылдык жеңилдетилген мөөнөткө жана өзгөрүлмө пайыздык чен менен берилерин кошумчалады.