Ош: Араванда 35 млн сомго тигүү цехи ачылды

21 сентября 2021, 15:30

Ош облусунун Араван районунун Жаңы-Араван айылында 250 адамга ылайыкташкан тигүү цехи ачылды. Бул тууралуу “Акчабарга” жергиликтүү бийлик өкүлдөрү билдиришти.

Маалым болгондой, тигүү цех араб инвесторлорунун колдоосу менен курулду. Анын сметалык баасы 35 миллион сомду түзөт.

Учурда цехте кийим тиккен 89 машина орнотулган. Дагы 200 даана машинаны Кытайдан сатып алуу үчүн буйрутма берилген. Жабдыктар келээри менен цех толук кандуу ишин баштайт.