Ардактуу кароол жайын жаңылоого 1 млн сомдон ашык каражат жумшалды

1 января 2024, 12:30

Бишкектин “Ала-Тоо” аянтындагы ардактуу кароол жайы жаңыланды.  Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясы билдирди. 

Маалыматка ылайык, ардактуу кароол жайын жаңылоого 1 млн 345 миң  500 сом жумшалып, каражат демөөрчүлөр тарабынан берилген.  

Белгиленгендей, кабинага инфракызыл жылыткыч жана жылуу пол орнотулуп, кабинанын үстүнкү бөлүгү алмаштырылып, чыңдалган айнектер орнотулуп, жаңы килемдер төшөлдү. Металл тосмолор сырдалып, элементтери алмаштырылды.

Мындан тышкары, стандарттык өлчөмү 75 сантиметр болгон Кыргызстандын мамлекеттик гербинин сүрөтү орнотулду.