Кыймылсыз мүлк ээлери салык төлөшү керек

3 октября 2022, 10:52

Батирди же үйдү ижарага берген жарандар ​​өлкөнүн салык мыйзамдарына ылайык салыктарды төлөөгө милдеттүү. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Салык кызматы кыймылсыз мүлк ээлери салык төлөө ыкмасын өздөрү тандай алаарын эскертти.

“Салыктар патенттин, бирдиктүү салыктын (жөнөкөйлөштүрүлгөн салык салуу системасы) же жалпы негизде төлөнүшү мүмкүн. Жеке жакка салык төлөбөй коюу фактысы аныкталса, чара көрүлөт”, - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле, Мамлекеттик салык кызматы жарандарды тиешелүү салыкты төлөбөгөн ижара ээлери болсо, бул туурасында салык кызматына маалымдоого чакырды.