Аргентикалык миллионерлер бюджетти колдоо үчүн 3.7 млрд $ салык төлөшөт

7 декабря 2020, 09:50

Аргентикалык миллионерлерге салык салуу демилгеси өлкөнүн парламенти тарабынан колдоого ээ болду. Бюджетке түшкөн каражаттар товар сатып алууга жана COVID-19 каршы күрөшүүчү жабдыктарды алууга, жакыр райондорго жардам берүүгө жана бизнести колдоого жумшалат. Бул тууралуу Forbes билдирди. 

Салыкты мүлкү 2.45 млн доллардан ашкан жарандар төлөшөт. Муну менен катар бийлик бюджетке 3.7 млрд доллар тартууну пландоодо. 

Кошумчалай кетсек, салыкты ири байлыгы бар 9.3 миң ишкер төлөйт.