ЕАЭБ менен соода жүгүртүү боюнча Армения Кыргызстанга теңелди

8 ноября 2022, 14:17

Армения, Казакстан жана Кыргызстан январь-август айларында ЕАЭБдеги өнөктөштөрү менен соода көлөмүн 2,6 миллиард долларга, анын ичинде Орусия менен 2,4 миллиард долларга көбөйттү. Бул тууралуу Евразия өнүктүрүү банкынын аналитиктери билдирди. 

Армения ЕАЭБ өлкөлөрү менен болгон сооданы эң көп  1,2 миллиард долларга көбөйтсө, Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы жалпы товар жүгүртүү 700 миллион долларга өскөн.

Белгилеп кетсек, Кыргызстан менен Армениянын ортосундагы товар жүгүртүү 1,9 эсеге өскөн. Январь-август айларында Армения ЕАЭБ менен соода жүгүртүү боюнча Кыргызстанга жетти.