Армения менен Кыргызстан ЕАЭБде ИДПнын эң жогорку өсүшүн көрсөттү
Өткөн жылдын 11 айынын жыйынтыгы боюнча Армения менен Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигинде ички дүң продукциянын эң жогорку өсүшүн көрсөтүштү. Мындай маалыматтар ЕЭК тарабынан берилген.
Алсак, 2022-жылдын январь-ноябрында 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу Армениянын ИДПсынын өсүшү 12,6%ды, Кыргызстандыкы – 7,2%ды, Казакстандыкы – 3%ды түздү.
Ошол эле учурда Беларуста жана Россияда ички дүң продукциянын төмөндөшү тиешелүүлүгүнө жараша 4,7% жана 1,6% байкалган. Бул Евразия экономикалык биримдигинин жалпы ИДПсында чагылдырылып, 2021-жылдын январь-ноябрына салыштырмалуу бүтүндөй биримдик боюнча 1,2%га төмөндөгөн.