Артем Новиков Кыргызстандын ЕЭКтеги өкүлү болот

21 октября 2020, 11:25

КРнын биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Кыргызстандын Евразиялык экономикалык комиссиясынын кеңешиндеги өкүлү болот. Тиешелүү билдирүү комиссияга бир күн мурун келип түшкөн.

Комиссиянын сайтында маалымдалгандай, 2020-жылдын 19-октябрындагы премьер-министрдин буйругуна ылайык, Артем Новиков өз ишмердүүлүгүндө Евразиялык экономикалык кеңешинин маселелерин, каржы-экономикалык чөйрөлөрдү жана инвестицияларды көзөмөлдөйт.