Артем Новиков Жалал-Абаддагы алтын өндүрүүчү ишканаларга барат

25 декабря 2020, 14:00

Премьер-министрдин м.а. Артем Новиков эки күндүк иш сапары  менен Жалал-Абад облусуна барат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. 

 

 

Иш сапардын алкагында Новиков өнөр-жай жана социалдык мекемелерди, «Терек-Сай» жана «KAZ Minerals Бозымчак» алтын өндүрүүчү ишканаларды кыдырат. 

Эске сала кетсек, KAZ Minerals 2020-жылдын үчүнчү кварталында 230 миң тонна жез өндүргөн.