Артем Новиков Баткендеги 2 өткөрмө-пунктун кемчиликтерин аныктады
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков Баткен облусуна болгон иш сапарында пландан тышкары «Кызыл-Бел - Автожол» жана «Кайрагач - Автожол» өткөрүү пунктуна барды. Бул тууралуу өкөттүн басма сөз кызматы кабарлады.
Аталган өткөрүү пунктарындагы инспекциялык текшерүү комплексинин жана видео көзөмөл тутумунун ишинде кемчиликтер аныкталган.
Жыйынтыгы боюнча премьер-министрдин м.а. Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Кадыржан Семетеевге ыкчам топ түзүп, аталган өткөрүү пункттарына толук текшерүү жүргүзүү үчүн жөнөтүү тапшырмасын берди.