Асел Омарова «АБН» компаниясынан кызматтан кетпей калды

25 января 2024, 12:03

"АБН" микрофинансылык компаниясы ААК жетекчилигинин курамындагы өзгөрүүлөрдү жарыялады. Ага ылайык, компаниянын башкармалыгынын төрагасынын орун басары Асел Омарова өз кызматында калуу чечимине келди. Бул тууралуу Kыргыз фондулук биржасынын сайтында маалымдалды.

Буга чейин, "Акчабар" жазгандай, 2024-жылдын 10-январында Омарова отставкага кетүү боюнча арыз жазган. Бирок компаниянын акыркы маалыматына караганда, ал кызматтан кетүү боюнча арызын чакыртып алган.