«Ашар Капитал» кирешесинин 25,08% дивиденддерди төлөөгө багыттайт

29 марта 2023, 09:34

“Ашар Капиталдын” акционерлери 24-марттагы жалпы жылдык чогулушунда 2022-жылы алынган пайданын 25,08% дивиденддерди төлөөгө бөлүүнү чечишти.

Бул бир акцияга 67 сомдон эсептегенде 13,4 миң сомду түзөт.

"Түшкөн пайданын 40 миң 39 сому же 74,92%ы ишкананын карамагында калтырылсын", - дейт ишкана.

Дивиденддерди төлөөнүн башталышы 1-майга белгиленген. 24-февралга карата күчүндө турган акционерлер акциянын сыйлыгын талап кыла алышат.

"Ашар Капитал" кыймылсыз мүлктү сатып алуу жана сатуу боюнча адистешкенин кошумчалайбыз.