Аскар Абдыкулов кайрадан «Манас» аэропортунун туунду компаниясын жетектейт

27 июля 2022, 09:34

“Манас эл аралык аэропорту” ААКтын туунду компаниясы болгон “Манас Тур” ЖЧКсынын башкы директору шайланды. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасы билдирди.

Маалыматка ылайык, “Манас Тур” ЖЧКсынын башкы директору Нурбек Жаныбековдун ыйгарым укуктары токтотулду.

Анын ордуна 2019-жылдын май айынан өткөн жылдын август айына чейин бул кызматты аркалаган Аскар Абдыкулов дайындалды.

Белгилеп кетсек, мындай чечим 19-июлда кабыл алынган.