Аскар Сыдыков иликтөө функциясын Салык кызматына жүктөөгө макул эмес

12 ноября 2021, 09:35

Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору Аскар Сыдыков иликтөө функциясын Салык кызматына жүктөбөш керек деп эсептейт. Мындай пикирин ал Салык кодексинин жаңы редакциясын талкуулоого арналган парламенттик угууда билдирди.

"Функцияларды чектөө принциби салыктык башкаруу жана салыктык кылмыштар боюнча жазык ишин жүргүзүү ыйгарым укуктары бир мамлекеттик органга таандык болушу мүмкүн эместигин билдирет. Бул сунуш 2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын жоболоруна карама-каршы келет, анда жазалоо практикасынын деңгээлин төмөндөтүү жана мыйзамдарды гумандаштыруу, ошондой эле экономикалык укук бузууларды декриминалдаштыруу принциптери каралган", - деди ал.

Анын айтымында, бул норманын кабыл алынышы салык органдарында коррупциянын өнүгүшүнө кошумча стимул берет, ансыз деле коррупциянын деңгээли өлкөдөгү эң жогорку көрсөткүчтөрдүн бири.

Ал Салык кодексинин жаңы редакциясынын авторлоруна 55-статьянын 2-бөлүгүн төмөнкүдөй редакцияда баяндоону сунуштады:

"Салык кызматынын органдары Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген компетенциянын чегинде салыктык тескөөнү жүзөгө ашырат, Кыргыз Республикасынын салык саясатын ишке ашырууга катышат".