Сыдыков «Халык Банктын» директорлор кеңешинин курамына кирди

22 сентября 2023, 15:36

"Халык Банктын" директорлор кеңешинин жаңы көз карандысыз мүчөсү пайда болду. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасы билдирди.

Мындай чечим бир күн мурун, 21-сентябрда кабыл алынган. Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору болгон Аскар Сыдыков бул кызматты төрт жылдык мөөнөткө аркалайт.