Асрандиев: Дары-дармектер донордук жана бюджеттик каражаттардын эсебинен алынууда

22 июля 2020, 17:00

Дары каражаттары донордук жана бюджеттик каражаттардын эсебинен алынууда. Бул тууралуу бүгүнкү брифингде КР вице-премьер-министри Эркин Асрандиев билдирди.

Ал Кыргызстан дары-дармектерди гуманитардык жардам катары дагы алып жаткандыгын кошумчалады.

«Бюджетте медициналык каражаттарды сатып алууга каражат жетиштүү. Бирок ошол эле убакта бүткүл дүйнө жүзүндө дары-дармектерге болгон муктаждык күчөдү.  Ошондой эле жабык чек аралар дагы көйгөйлөрдү жаратууда. Андан улам биз дары дармектерди сатып алуу үчүн кезекте туруп, күтүүгө аргасыз болуудабыз. Бул жаатта жооптуу органдар керектүү чараларды көрүүдө»,-деди Эркин Асрандив.