Күйүүчү майдын сатылышы 80% төмөндөдү

6 апреля 2020, 16:07

Күйүүчү майдын сатылышы 80% төмөндөдү. Бул тууралуу мунай сатуучулар Ассоциациясынын аткаруучу директору Канат Эшатов билдирди. 

Анын айтымында, абалга байланыштуу коомдук транспорттор токтогулган соң жана унаа кыймылынын азайгандыгына байланыштуу күйүүчү майга болгон талап төмөндөп кеткен. 

«Башка күйүүчү май сатуучулардын соодасы 5-6 эсеге түшүп кеткен. Ири күйүүчү май сатуучулар сооданын 80% чейин түшүп кеткендиги билдиришти», — деп айтты ал. 

Белгилей кетсек, Россияда Urals мунайынын бир баррелге болгон баасы 11 $ чейин төмөндөгөн.