Астана – Бишкек – Астана аба каттамдары кайрадан жанданат

14 февраля 2023, 13:07

Казакстандын арзан баада кызмат көрсөткөн "FlyArystan" авиакомпаниясы Астана менен Бишкектин түз каттамдарын кайра калыбына келтирет. Бул тууралуу ишкананын басма сөз кызматы билдирди.

Каттамдар ушул жылдын 2-майында ыңгайлуу "Airbus A320" учактары менен жумасына эки жолу, шейшемби жана ишемби күндөрү жасалат. Борбор шаарлардын ортосундагы аралык 954 километрди түзөт, аны 1 саат 45 мүнөттө учуп өтүүгө болот. 

Билеттердин баасы 22 804 теңгеден башталат. Улуттук банктын расмий курсу боюнча бул 4 миң 374 сомду түзөт. Аларды компаниянын сайтынан же ошол эле аталыштагы тиркеме аркылуу сатып алса болот.

Лоукостер (арзан баада кызмат көрсөткөн ишкана) Астанадан Бишкекке аба каттамдарды былтыр 23-июнда ачып, бирок кийин белгисиз себептерден улам токтоткон.