Астана шаарында Манастын эстелиги ачылды

19 апреля 2024, 17:47

Президент Садыр Жапаров менен коңшу өлкөнүн президенти Касым Жомарт Токаев Астанада Манастын эстелигин салтанаттуу түрдө ачышты. 

Казакстандын президенти эстеликтин курулушу казак элинин бир тууган Кыргызстанга болгон терең урматынан кабар берерин белгиледи.

“Бул архитектуралык чыгарма түрк элдеринин түпкү тамырын чагылдырат, бул Манастын гана эмес, казактар ​​менен кыргыздардын түбөлүктүү боордоштугунун да эстелиги”, - деди Токаев.