Депутат Евгения Строкова: «Ата-энелер балдарын төрөгөнгө жараша мектептеги ысык тамакка дагы акча төлөшү керек»
Учурда Жогорку Кеңеште окуучуларга тамак берүү маселеси талкууланууда. Үчүнчү окууда депутаттар тийиштүү мыйзам долбоорун карап жатышат.
Ысык тамак менен өлкөнүн 60% мектептери камсыз болгон. Бир күндө бир окуучуга 7 сомдон бөлүп берүү мүмкүнчүлүгү каралууда. Эл өкүлү Евгения Строкова кесиптештерин мыйзам долбоорун колдоого чакырды. Анын айтымында, ата-энелер балдарынын ысык тамагына дагы акча бөлүүсү керек.
«А эмне үчүн болбойт? Албетте 7 сом бир балага – абдан аз. Буга ата-энелер дагы кошулуш керек. Бул – алардын балдары да, алар төрөгөн», — деген пикирин билдирди Евгения Строкова.
Парламент мүчөсү Улугбек Ормонов 7 сом абдан аз экенин айтып, кээ бир мектептерде 4 сомго жетпеген дагы акча бөлүнөрүн кошумчалады.
Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө 675 миң 767 окуучу окуган 2 миң 265 мектепте бир маал ысык тамак уюштурулган. Бул 60 % түзөт. Мектептке ысык тамак үчүн 600 миллион сом жана кошумча 88 миллион сом бөлүнгөн.