Ата мекендик «Sky Industrial Group» заводу Россияга лифт экспорттойт

17 февраля 2023, 14:34

Кыргызстандагы “Sky Industrial Group” компаниясы менен россиялык “МТК” компаниясынын ортосундагы келишимге ылайык, мындан ары ата мекендик өндүрүштөн чыккан лифттер Россияга экспорттоло баштайт. Бул тууралуу “Sky Industrial Group” компаниясынын жетекчиси Рахат Жунушбаева “Фейсбук” баракчасына жазды.

Маалыматка ылайык, “Sky Industrial Group” өткөн жылдын август айында өзүнүн лифт жабдууларын Россияга экспорттоо боюнча “МТК” бөлүштүрүү компаниясы менен келишим түзгөн. Азыр дистрибьюторлордун заказы менен даярдалган лифттер жүктөөгө жана Россияга жөнөтүүгө даярдалууда.

Эске салсак, ата мекендик “Sky Industrial Group” заводу бир жыл мурда ачылган. Буга чейин бир нече жабдууларды чыгаруучу линияларды ишке киргизген. Бүгүнкү күндө компаниянын лифттери Бишкек шаарында гана эмес, Кыргызстандын башка аймактарында да имараттарга орнотулган.