«Атаандаштык жөнүндө» Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

21 января 2022, 11:52

Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын “Атаандаштык жөнүндө” Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамга кол койду.

Кабыл алынган Мыйзам монополияга каршы жөнгө салууну жакшыртууга багытталган.

“Атаандаштык жөнүндө” Мыйзамдын максаты — мамлекеттик ишканаларга артыкчылыктарды берүү жана катышуучулары алар менен аффилирленген жактар жана/же адамдардын тобу болуп саналган чарба жүргүзүүчү субъекттерди түзүү аркылуу товардык рыноктордо атаандаштыкты чектөөгө жана рынокту монополдоштурууга жол бербөө болуп саналат. Бул ишкердикти өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө салым кошот.  Ошондой эле, атаандаштык жөнүндө мыйзамдарындагы майда бузууларга жол берген чарбакер субъекттерге жаза чараларын колдонууга жол бербөө максатында эскертүүчү институтту киргизүү каралат”,- деп айтылат президенттик аппараттын маалыматтында.

Белгилей кетсек, мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан өткөн жылдын 22-декабрында кабыл алынган