Евразия экономикалык комиссиясында иштей тургандар сынактын негизинде тандалып алынат

5 октября 2020, 13:00

Өкмөт тарабынан Евразия экономикалык комиссиясында иштөө үчүн Кыргызстандан талапкерлерди сынак аркылуу кабыл алуу чечими чыкты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. 

Тактап айтканда, Евразия экономикалык комиссиясынын департаменттериндеги кызматтык жактын бош кызматтык орунун ээлөөгө квалификциялык тандап алуу сынактык негизде өтөт. 

 

Тандап алуу процессин тартипке келтирүү Евразия экономикалык комиссиясында иштөө үчүн мыкты талапкерлерди тандап алууга мүмкүндүк берет, анкени, сынак процесси ачык-айкын өткөрүлөт.

 

Белгилесек, жаңы жобо боюнча Кыргызстандын атынан Евразия экономикалык комиссиясынын департаменттериндеги кызматтык жактын бош кызматтык орунун ээлөөгө сынакка катышуу үчүн талапкерлерди квалификациялуу тандап алуу жарыяланган.