Аткезчилик менен ташылган эки тонна тоок эти аныкталды

23 апреля 2024, 10:34

Баткенде Мамлекеттик бажы кызматы эки тонна тоок этин мыйзамсыз жол менен өлкөгө алып келген аткезчини кармады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

“Mercedes Benz Sprinter 515” үлгүсүндөгү унаа менен ташылып келген жүк Бужум айылында аныкталган. Айдоочу эч кандай документтерди көрсөтө алган эмес.

“Мамлекеттик бюджетке келтирилген зыяндын суммасы 525 миң 928 сомду түзгөн”, - деп айтылат маалыматта.