Аткезчилик жол менен мамлекетке 1,3 млн сом зыян алып келген жаран кармалды

4 марта 2021, 16:05

Кыргызстанга аткезчилик жолу менен жүк ташуучу унааны алып келүүгө шектелип Чүй облусунун тургуну кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирет.

Учурда аткезчилик боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлүүдө.

 

«2002-жылы Ысык-Ата районунда «Унаа» мамлекеттик мекемесинде Volvo FH12 420 жүк ташуучу унааны мыйзамсыз каттоо боюнча сотко чейинки тергөө амалдары жүрүп жатат. Жүктүн бажы декларациясы боюнча, жүк ташуучу унаа жана прицеп Литвадан келген, бирок Мамлекеттик бажы кызматынын маалымат базасында унаанын бажы жагынан таризделиши жөнүндө маалыматы жок», - деп айтылат маалыматта.

 

Алдын ала маалыматтар боюнча, мамлекетке 1 миллион 315 миң сомдон ашык суммага зыян келтирилген. 

Кылмышка шектүү катары Ысык-Ата районунун 53 жаштагы А.Н. аттуу тургунун кармалды.