Аткезчилик менен алынып келе жаткан түстүү металлдардын партиясы кармалды

11 декабря 2020, 16:30

Аткезчилик менен алынып келе жаткан түстүү металлдардын партиясы кармалды. УКМК билдирди.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 9-декабрь күнү УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы жүргүзгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында, чектеш өлкөлөрдүн биринен аткезчилик жол менен Кыргызстандын аймагына түстүү металлдарды алып келүү фактысы аныкталды.

Алдын ала маалымат боюнча, Кара-Көл шаарындагы салмак-габариттик көзөмөл постунан жалпы көлөмү 27 тоннага жакын түстүү металлдарды (жез, латунь, алюминий) мыйзамсыз жол менен алып келе жаткан жүк ташуучу унаа кармалган.

Алдын ала эсеп боюнча жүктүн базар баасы 150 миң АКШ долларынан ашык болот.

 

Учурда тергөө жүрүп жатат.