Бишкек Курск паркынын эски аттракциондорун сатып алды. Алар Асанбайга орнотулат

8 мая 2023, 10:10

Курск шаарынын Биринчи Май паркынын аттракциондорун Кыргызстан сатып алды. Бул тууралуу “Курская правда” басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, аталган парктагы аттракциондор Германияга, Чехияга жана Дагестанга да сатылган.

Болжолдуу түрдө аттракциондор Асанбай сейил багына орнотулат. Бул парктын тагдыры тууралуу “Акчабар” редакциясынын суроосуна Бишкек шаардык мэриясы жооп берген жок. 

Белгилей кетсек, мэриянын муниципалдык менчикти башкаруу башкармалыгы жашыл аянттын аймагын 25 жылга жаңы ижарачыга өткөрүү боюнча тендер өткөргөн. Ижара берүүгө эл каршы чыкканына карабастан Бишкектин Октябрь райондук соту сейил бакка карата эч кандай чара көргөн эмес. 

Эске салсак, талаштуу аймактын аянты 4 гектарды түзөт. Жер кодексине ылайык калктуу конуштардагы тилкелер беш жылдан ашпаган мөөнөткө пайдаланууга берилгендиктен, жакынкы кичи райондордун тургундары жерди жеке адамга берүүгө каршы.