Жайыл районунун бийлиги тарабынан каржылык мыйзам бузуулар 1 млн сомдон ашты

27 апреля 2021, 11:30

Жайыл районунун бюджеттик мекемелерине жүргүзүлгөн аудиттин жүрүшүндө 1 миллион 360 миң 100 сомдук каржылык мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Эсеп палатасы билдирди. 

Акчаны сарптоодогу мыйзам бузуулар 1 млн 24,7 миң сомду түздү, анын ичинде: эмгек акыны негизсиз төлөө - 623,4 миң сом; бухгалтердик эсепте жашырылган дебитордук жана ашыкча көрсөтүлгөн кредитордук карыздар - 346,3 миң сом; башка деңгээлдеги республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден уюмдарга каржылоо жок болгондо бөлүнгөн каражаттар - 55 миң сом.