«Аудит-Стандарт» SALAM байланыш операторунун каржылык отчетун текшерет
"Салам" ААКнын акционерлеринин жалпы чогулушу өттү. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасы билдирди.
Эске салсак, SALAM – эки мамлекеттик компания: "KT Mobile" ЖЧКсы жана "Альфа Телеком" ЖАКтын ортосундагы кызматташтыктын натыйжасында ачылган байланыш оператору.
Жыйында компаниянын акционерлери 2022-жылга жылдык балансты, пайда жана чыгашалар эсебин жана кирешени бөлүштүрүүнүн тартибин бекитишти.
Алар ошондой эле аудитордук фирма катары 2008-жылдан бери рынокто иштеп келе жаткан "Аудит-Стандарт Компани" ЖЧКсын тандашты.