Улуттук банк 350 млн сомго аукцион өткөрөт

1 апреля 2020, 12:00

2-апрелде 12 айлык мамлекеттик казына векселдерин жайгаштыруу боюнча аукцион өткөрүлөт. Бул тууралуу республиканын Улуттук банкы билдирди. 

Жалпысынан 50 млн сом жайгаштырылат. 

 Кайрадан 3-апрелде 5 жылдык мамлекеттик казына баалуу кагаздарын жайгаштыруу боюнча аукцион өткөрүлөт. Аукционго 300 млн сом коюлат. Бир баалуу кагаздын купондук бир жылдык баасы 6% түзөт.