Мамлекеттик векселдерди жайгаштыруу боюнча улуттук банктын аукциону өткөн жок

23 апреля 2021, 10:00

Мамлекеттик казына векселдерин жайгаштыруу боюнча аукцион катышуучулардын саны жетишсиз болгондуктан өткөн жок. Бул тууралуу улуттук банктын сайтында маалымдалды. 

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 12 айлык мөөнөткө 60 миллион сом өлчөмүндө мамлекеттик казына векселдерин жайгаштырууну көздөгөн.