Он эки айлык мамлекеттик векселдер боюнча аукцион болгон жок

8 декабря 2022, 17:30

Он эки айлык мамлекеттик казына векселдерин кошумча жайгаштыруу боюнча аукцион өткөн жок. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.

Буга суроо-талаптын жоктугу себеп болду. 

Эске салсак, аукциондо баалуу кагаздарды жайгаштыруу аркылуу бюджетке 150 миллион сом тартуу пландалган.