Мамлекеттик казына векселдер боюнча аукцион жараксыз деп табылды

9 июля 2021, 13:00

2021-жылдын 8-июлунда, катышуучулардын саны жетишсиз болгондуктан 12 айлык МКВлар боюнча аукцион жараксыз деп табылды. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.

Аукциондо чыгарылган сумма 60 миллион сомду түзгөн.

Эскерте кетсек, бүгүн жүгүртүү мөөнөтү 10 жыл болгон мамлекеттик казына векселдерди жайгаштыруу боюнча аукцион өтөт.